# 55-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 55-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-55

---

Маселени талкуулоо аяктагандан кийин жыйналышка төрагалык кылуучу жарыш сөздү токтотуу жана добуш берүүгө өтүү туурасында жарыялайт. Жыйналышка төрагалык кылуучу добуш берүүнүн башталышын жыйналышка катышып отурган депутаттар менен макулдашат, чечим кабыл алуу үчүн кан- дай сандагы добуштар керек экендигин, ошондой эле бул маселе боюнча, эгерде ушул Мыйзамдын атайын талаптары болсо же депутаттардан сунуштар келип түшсө, добуш берүүнүн түрүн да жарыя кылат. Эгерде добушка коюлган мыйзам долбооруна карата жооптуу комитеттин же депутаттык фракциянын долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор туура- лу сунуштары болсо, ага демилгечи макул болбосо анда добушка биринчи болуп мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу субъект тарабынан сунуш кылын- ган долбоор, андан кийин комитеттин же фракциянын сунуштары коюлат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-56)
