# 54-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 54-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-54

---

Ар түрдүү маселелер менен сунуштар боюнча талкуулоо жана добуш берүү каралып жаткан маселеге карата депутаттардын көпчүлүгүнүн чыныгы ой-мүдөөсүн аныктагандай кылып жүргүзүлөт. Бир маселе боюнча чечим кабыл алынмайынча аны кароо күн тартибин- деги башка маселелерди кароо менен үзгүлтүккө учурабашы керек: эгерде мындай болсо, күн тартибиндеги үзгүлтүккө учураган маселени кароо башы- нан башталат. Талкууланган маселе боюнча чечим кабыл алуу аны кароо аяктагандан кийин жүзөгө ашырылат. Депутаттын добуш берүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Жогорку Кењеш добуш берүү үчүн башка, атайын күндү же мез- гилди белгилеши мүмкүн. Добуш берүү жол-жобосу талкууланып жаткан маселе боюнча келип түшкөн сунуштарды жыйналышка төрагалык кылуучу жарыялаган учурдан бөлүнбөйт жана добуш берүүгө коюлат, эгерде ушундай болуп калса жыйна- лышка төрагалык кылуучу маселени кароону токтотулган жерден улантат.

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-55)
