# 52-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2009 года № 276 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203217)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.10.2009 [Закон КР от 15 октября 2009 года № 276 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203217); 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 277 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/202493); 25.01.2008 [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708249..708250>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 52-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-52

---

Депутат добуш берүүгө болгон өзүнүн укугун жеке өзү жүзөгө ашырат. Добуш берүүдөн четтөөгө жол берилбейт. Добуш берүү үчүн электрондук тутумду пайдаланууда Жогорку Кењештин депутаты жүйөлүү себептер менен ал Жогорку Кењештин жыйналышына катыша албагандыгына байланыштуу өзүнүн добушун Жогорку Кењештин башка депута- тына өткөрүп берүүгө жол берилет. Депутат мындай учурда: депутаттык фракция боюнча башка депутатка жазуу жүзүндөгү арызында көрсөтүлгөн маселелер боюнча добуш берүү укугуна ишеним көрсөтө алат; каралып жаткан маселелер боюнча депутаттык фракциянын жетекчисине өзүнүн кат жүзүндөгү, факсимилдүү чечимин өткөрүп бере алат, бул депу- таттык фракцияга жок депутаттын ордуна добуш берүүгө укук берет; Жогорку Кењештин депутатынын өзүнүн добушун башка депутатка же де- путаттык фракциянын жетекчисине жыйналышка катышпаган мезгилде өткөрүп бериши жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы депутаттык бланкта катышпаганды- гынын себептерин, добуш канча убакытка берилгендигин көрсөтүү менен, ошондой эле Жогорку Кењеште каралган маселелер боюнча добуш берүүдө до- бушту кандай пайдаланууну көрсөтүүсү менен түзөт. Жогорку Кењештин Төрагасы катышпаган депутаттардын тизмесин, ошон- дой эле өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырган депутаттардын тизмесин Жогорку Кењештин жыйналышында жарыя- лайт. Эгерде Жогорку Кењештин депутаты өз добушун башка депутатка же депутаттык фракциянын лидерине тапшырбаса, катышпаган депутаттын жеке компьютери өчүрүлөт. Өзүнүн добушун Жогорку Кењештин жыйналышына катышпаган мезгилде өткөрүп берүү жөнүндө чечимин депутат телеграмма менен жөнөтүүгө да акылуу. Жогорку Кењештин депутаттарынын жазуу жүзүндөгү арызы, факсимилдүү билдирүүлөрү жана телеграммалары эсепке алуу жана жыйналыштын протоко- луна тиркелүү үчүн Жогорку Кењештин Төрагасына берилет. Добуш берүү учурунда болбой калган депутат добуш берүүгө бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин өз добушун берүүгө укугу жок. (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1, 2008-жылдын 29-декабрындагы N 277 , 2009-жылдын 15-октябрындагы №276 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-53)
