# 28-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 28-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-28

---

Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралып жаткан маселенин демилге- чилери, комитеттердин төрагалары (өкүлдөрү), депутаттык фракциялардын лидерлери же фракциянын ыйгарым укуктуу депутаттары (саны 10 депутатка чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 10дон 20 депу- татка чейинки фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 20дан 30 депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 30дан 40 депутатка чейинки фракциядан - беш депутаттан ашпаган чыгып сүйлөө- чү, саны 40тан 50 депутатка чейинки фракциядан - алтыдан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 50дөн 60 депутатка чейинки фракциядан - жетиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка чейинки фракциядан сегизден аш- паган чыгып сүйлөөчү, саны 70ден 80 депутатка чейинки фракциядан - то- гуздан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 80ден 90 депутатка чейинки фракция- дан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү) жарыш сөздөргө катышууга, талкуула- нып жаткан маселелердин маани-мазмуну боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка- ралган учурларда Жогорку Кењеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу кыз- мат адамдарын талапкерликке сунуш кылууга жана талапкерлер боюнча өз пикирин айтууга акылуу. Комитеттер жана депутаттык фракциялар суроо берүүгө, маалымдама берүүгө, депутаттардын арасында Жогорку Кењештин ишине тиешелүү матери- алдарды көбөйтүүгө жана таратууга, ошондой эле ушул Регламентти жана Жогорку Кењештин башка актыларынан белгиленген башка укуктардан пайда- ланууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-29)
