# 22-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 22-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-22

---

Жогорку Кењештин жыйналыштары ойду ачык-айкын айтуу менен жүргүзүлөт жана массалык маалымат каражаттарында, телекөрсөтүү менен радио аркылуу берилип, анын чечимдери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысында", басма сөз массалык маалымат каражаттарында жары- яланат жана Жогорку Кењештин расмий сайтына жайгаштырылат. Телекөрсөтүү жана радио боюнча берилүүчү кабарлардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кењеш тарабынан аныкталат. Жогорку Кењештин чечими менен анын жыйналыштарына мамлекеттик ор- гандардын, коомдук бирикмелердин, илимий мекемелердин өкүлдөрү, экс- перттер жана башка адистер Жогорку Кењеш тарабынан каралып жаткан мый- зам долбоорлору жана башка маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтар менен корутундуларды берүү үчүн чакырылышы мүмкүн. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку Кењеште аккредитацияланган учурда Жо- горку Кењештин жыйналыштарына катыша алышат. Эгерде жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө сунуш Жогорку Кењештин жый- налышында төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кењештин комитети жана депу- таттык бирикмеси (фракциясы, депутаттык тобу) тарабынан киргизилсе, Жо- горку Кењеш мындай чечим кабыл ала алат. Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим добуш берүүгө катышкан Жогор- ку Кењештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жогорку Кењештин жабык жыйналыштарында айтылган маалыматтар жайылтылбо- ого тийиш. Жогорку Кењеш мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгуучу өзүнүн бас- ма сөз массалык маалымат каражаттарына ээ.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-23)
