# 211-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 211-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-211

---

Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык кели- шимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы туулган учурда Кыргыз Респуб- ликасынын Куралдуу Күчтөрүн анын аймагынын чегинен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо үчүн Жогорку Кењештин жыйналышы мыйзам долбоору Жогорку Кењешке келип түшкөн учурдан тартып беш күндөн кечиктирилбестен чогулат. Жогорку Кењеш өзүнүн жыйналышына Кыргыз Республикасынын Президен- тин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта- бынын начальнигин, коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, юстиция маселелери боюнча иш алып барышкан мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешинин жана башка кызыкдар ор- гандардын өкүлдөрүн чакырат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-210)  
Кийинки берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-212)
