# 187-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 187-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-187

---

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун кароонун жыйын- тыктары боюнча Жогорку Кењештин токтомунда баа берилиши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине ишеним көрсөтүлүшү мүмкүн, ал Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар жылкы отчетун кароо- нун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе каралышы мүмкүн. Ишеним көрсөтпөө жөнүндө ток- том боюнча добуш берүү жашыруун жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого чейин 6 айда Жо- горку Кењеш тарабынан каралууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө болгондон кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Өкмөттүн отставкасы тууралу чечимди кабыл алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу. Эгерде Жогорку Кењеш 3 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү- нө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн отставкага жиберет же Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө ише- ним көрсөтпөө билдире алат.

---

Мурунку берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-186)  
Кийинки берене: [188-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-188)
