# 171-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 171-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-171

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин эки мүчөсүн дайындайт, анын бири Кењештин төрагасынын орунба- сары болот. Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин курамына талапкерлер депутаттык фракциялар көрсөткөн депутаттардын ичинен тиешелүү комитеттер аркылуу сунуш кылынат. Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин мүчөлөрүн жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык фракциялардын сунушу боюнча Жогорку Кењеш дайындайт. Депутаттар мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин курамына 1 жылдык мөөнөткө дайындалат. Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин курамына дайындалган депутаттар депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими аркылуу чакыртылып алынышы мүмкүн. Мамлекеттик кызмат боюнча Кењештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө же бошотуу жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кабыл алат.

---

Мурунку берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-172)
