# 169-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 169-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-169

---

Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына) жана анын орунбасарларына карата жазык иши жана административдик укук бузуу жө- нүндө иш Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголу- шу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орун- басарларын сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине, ошондой эле административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Кыргыз Рес- публикасынын Башкы прокурору Жогорку Кењешке сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо үчүн ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Аталган комиссия сунуштаманы алган күндөн тартып 21 күндөн кечик- тирбестен аны карайт. Зарылчылык болсо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орун- басарларын сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине, ошондой эле административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндөгү масе- лени караган учурда, аталган комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы про- курорун, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамдарды угууга милдет- түү. Комиссия тарабынан маалымкат түзүлгөндөн жана чечимдин долбоору жарыя кылынгандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) жана анын орунбасарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде тарттырылуучу административдик жоопкерчилик- ке тартууга макулдук алуу жөнүндө маселе Жогорку Кењештин жакын арадагы жыйналышынын күн тартибине киргизилет. Бул маселени, ошондой эле сунушталган долбоордогу чечимди караган учурда, сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды чечмелөө, аларга баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечимдин долбоору боюнча жарыш сөздөргө териштирүү боюнча комиссиядан баяндамачы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамдар, депутаттык фракциялардын өкүлдөрү катышышат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын канааттан- дыруу жөнүндө чечим жашыруун добуш менен кабыл алынат жана эгерде ага Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын тењинен көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бул акт Жогорку Кењеш тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Жогорку Кењештин жүйө- лүү чечими жөнүндө үч күндүк мөөнөттө кабардар болот. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы иш боюнча өндүрүш аяк- таган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө териштирүүнүн же ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кењешке кабар берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-168)  
Кийинки берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-170)
