# 156-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 227 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708241..708242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 156-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-156

---

Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бүткүл курамын, бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жетимиш пайыздан ашпоосун эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинен сунуштама алын- ган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде шайлайт. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган талапкер- лер тиешелүү комитеттерде алдын ала талкууланат, алар ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт. Талапкерлер комитеттин жыйналышына чакырылы- шы мүмкүн. Жогорку Кењештин жыйналышында тиешелүү комитеттердин төрагалары депутаттарды сунушталган талапкерлер боюнча комитеттердин корутундулары менен тааныштырат. Талкуулоо процессинде депутаттык фракциялардын өкүл- дөрү катышат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалык жана аудитор- дук кызматтарына талапкерлер талкуулангандан кийин жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал- ган адамдар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалык жана аудитордук кызматтарына шайланды деп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мында каралган мөөнөткө шайланат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторло- рунун кызматына Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкер Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен- ти кайрадан кароо үчүн жањы талапкерди сунуш кылууга укуктуу. Талапкер- лерди кайрадан кароо ушул статьяда белгиленген тартипте тийиштүү сунуш Жогорку Кењешке келип түшкөндөн кийинки күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторун кызматынан бошотуу тууралу маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Жогорку Кењешинин жыйналышында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечилет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын же аудиторун кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 227 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-155)  
Кийинки берене: [157-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-157)
