# 155-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 155-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-155

---

Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени карайт жана Кыргыз Республикасынын Президен- тинин сунуштамасын алган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тиешелүү комитеттерде сунушталган талапкер алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча корутунду даярдайт. Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм- күн. Жогорку Кењештин жыйналышында тиешелүү комитеттердин төрагалары депутаттарды сунушталган талапкер боюнча комитеттердин корутундулары менен тааныштырат. Талкуулоо процессине депутаттык фракциялардын өкүл- дөрү катышат. Талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал- ган адам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына шайланды деп эсептелинет. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб- ликасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына сунушталган талапкер Жо- горку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президенти жањы талапкерди кайра кароо үчүн сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кай- ра кароо ушул статьяда белгиленген тартипте Жогорку Кењеш тарабынан ти- ешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына дайын- доо жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.

---

Мурунку берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-154)  
Кийинки берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-156)
