# 151-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 151-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-151

---

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялангандан кийин Жогорку Кењештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызма- тына шайланган адамдардын ант бере турган убактысын жарыялайт. Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызматына шайланган адамдарды жыйналыштар залынын трибунасына ант берүүгө чакырат, анын тексти Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин жөнгө салуучу мыйзамда каралат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына шайлан- ган адам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине колун коюп, тикесинен туруп, анттын текстин угуза айтат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын антын жыйналыштар залында олтургандардын бардыгы орундарынан туруп угушат. Ант берүү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы тарабынан ант берилген күндү көрсөтүү менен анттын текстинин аягына анын кол тамгасы коюлуп ырасталат. Документ Жогорку Кењеште сакталууга калат. Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын кыэматына кириши менен куттуктап, аларга сот бийли- гинин символу катары мантия берет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары ант бериш- кенден кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни угулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-150)  
Кийинки берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-152)
