# 145-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 145-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-145

---

Комиссиялар Жогорку Кењеш тарабынан коюлган маселени иликтөө мак- сатында депутаттык фракциялардын сунушу боюнча түзүлөт. Комиссиялар Жо- горку Кењештин депутаттарынын ичинен алардын Жогорку Кењештин комитет- терине мүчө болгонгондугуна карабастан түзүлөт. Комиссиянын жеке курамы буга макулдук берген депутаттык фракциялардын сунуштары боюнча куралат. Комиссиянын эњ аз сандык курамы үч депутаттан кем эмес болушу керек. Комиссиянын жеке курамы боюнча сунуш депутаттык фракциялар тарабы- нан ушундай комиссияны түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин эки күндүк мөөнөттө кечиктирилбестен берилет. Жогорку Кењештин комитетинин төрагасы комиссиянын төрагасы болуп шайланышы мүмкүн эмес. Комиссиянын курамына шайланган депутат бул комиссияда иштеп жаткан мезгилинде өзү мүчө болуп турган комитеттеги ишин убактылуу токтотушу мүмкүн жана ушул себепке байланыштуу анын катышпай калышы комитеттеги кворумга таасирин тийгизбейт. Комиссиянын алдына коюлган максаттар жана милдеттер аткарылгандан жана максатына жеткенден кийин комиссия өзүнүн ишин токтотот. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-144)  
Кийинки берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-146)
