# 141-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 141-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-141

---

Жогорку Кењештин Төрагасын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени Жогор- ку Кењештин жыйналышынын ырааттамасында бул маселе жыйналыштын күн тар- тибине киргизилгенден кийин 3 жумуш күнүнөн ашырбастан каралат. Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе жыйналышта ка- ралганга чейин жыйналышты алып барууну Төраганын орун басарларынын бирөөсү жүзөгө ашырат. Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе анын арызына байланыштырылбастан каралганда, Жогорку Кењештин Төрагасы аны кайра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе жыйналыштын күн тартибине кир- гизилгенден кийин онунчу жумуш күндөн ашырбастан өз ишинин бардык масе- лелери боюнча Жогорку Кењешке отчет берет, ал Жогорку Кењештин Аппараты тарабынан маселе жыйналышта каралганга чейин үчүнчү жумуш күнүнөн ашыр- бастан депутаттарга таратылат. Зарылчылыкка жараша Жогорку Кењештин Төрагасы отчеттун маалыматын чогултуу жана текшерүү үчүн Жогорку Кењештин комиссиясын түзөт. Жогорку Кењеш: депутаттардын, депутаттык фракциялардын өкүлүнүн баяндамасын жана баяндамачынын суроолорго берген жоопторун (эгерде кай- ра чакыртып алуу жөнүндөгү маселе депутаттардын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылса); Жогорку Кењештин комиссиясынын кошумча баяндамасын (эгерде ал ушул маселе боюнча түзүлсө), кошумча баяндамачынын суроолорго берген жоопторун; Жогорку Кењештин Төрагасынын ушул кызматтагы иши боюнча сүй- лөгөн сөзүн, Жогорку Кењештин Төрагасынын суроолорго берген жоопторун угат. Депутаттык фракциянын өкүлдөрү кызмат адамы катары Жогорку Кењеш- тин Төрагасынын жүргүзгөн иши жөнүндө суроолорду берүүгө, анын саясий, ишкердик, жеке сапаттары тууралу пикир айтууга, анын талапкерлигин жак- тап же ага каршы үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Жыйналышка төрагалык кылуучу сөз сүйлөө кезегин эске алуу менен Жогорку Кењештин Төрагасы болуп са- налган адамды "макул" же "каршы" сөз сүйлөөчүлөр үчүн бирдей мүмкүнчү- лүктөрдү түзүп берет. Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу жөнүндөгү Жогорку Кењештин чечими төмөндөгүдөй кабыл алынат:

1) эгерде Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу анын

өзүнүн арызы боюнча жүзөгө ашырылып жатса, Жогорку Кењештин депутатта- рынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен;

2) Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуу анын өзүнүн де-

милгеси боюнча каралбаган учурда, бюллетендерди пайдаланып, жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу ме- нен. Жогорку Кењештин аталган бул токтомунда Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алуунун себептери тууралу маалыматтар камтылууга тийиш, ал анын эмгек китепчесине жазылат. Ушул эле токтом менен ал өзү аныкта- ган Жогорку Кењештин комитетине мүчө болуп шайланат; бул маселе талкуу- ланбайт жана Жогорку Кењештин комиссияларындагы алдын ала даярдыкты та- лап кылбайт. Жогорку Кењештин Төрагасынын өзүнүн кайра чакыртып алуу жөнүндөгү жеке арызы Жогорку Кењеш тарабынан канааттандырылбаса, ал Жогорку Ке- њештин Төрагасынын милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте токтотууга укуктуу. Мында ага депутат- тын эмгек акысы төлөп берилет жана ушул Регламент менен депутат үчүн белгиленген шарттарга ылайык депутаттык милдеттерди аткарууга байланыш- кан төлөп берүүлөр жүзөгө ашырылат. Жогорку Кењештин Төрагасын кайра чакыртып алганда же анын депутат- тык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жыйналышты Жо- горку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын бири алып барат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-140)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-142)
