# 138-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 138-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-138

---

Талапкерлер жыйналышта алдыдагы иштеринин программалары тууралу баяндамалар менен чыгып сүйлөшөт жана суроолорго жооп беришет (алардын талапкерлиги көрсөтүлүшүнө жараша). Депутаттык фракциянын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөнүндө бардык талапкерлер бир учурда талкууга алынат. Депутаттык фракциянын өкүлдөрү талапкерлерге суроо берүүгө, алар- дын программалары, саясий, ишкердик жана жекече сапаттары жөнүндө ой-пикирлерин айтууга, алардын ар бири үчүн жактап же каршы үгүттөөгө укуктуу. Жыйналышта төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчү депутаттардын ке- зегин эске алуу менен ар бир талапкерлерди жактап сүйлөөчүлөр үчүн бир- дей мүмкүнчүлүк берет. Корутунду сөзүндө ар бир талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге өзүн киргизүүгө макулдугун берет, өз талапкерли- гин алып таштоо жөнүндө билдирүү жасайт, өзүнүн талапкер болбой турган- дыгы жөнүндө каалаган убакта билдире алат, бул үчүн жыйналышта төрага- лык кылуучу ага кезексиз сөз берет. (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-137)  
Кийинки берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-139)
