# 108-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 108-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-108

---

Жогорку Кењештин жооптуу комитети түзөтүүлөр жөнүндө сунуштарды иликтейт жана жалпылайт. Комитет түзөтүүлөр жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана конституциялык мыйзамдарга ылайык келүү жүйөсүн билүү үчүн аларды көз карандысыз экспертизага жөнөтүүгө укуктуу. Түзөтүү киргизген адамдар аларды комитетте талкуунун жүрүшүндө тактоого укуктуу. Мыйзам долбоорунун статьялары боюнча топтоштурулган түзөтүүлөр жөнүндөгү сунуштар комитеттин жыйналышында каралууга тийиш, комитет аны менен макул болушу жана аларды мыйзам долбоорунун текстине киргизиши же Жогорку Кењешке түзөтүүлөрдү четке кагуу тууралу сунуш киргизиши мүмкүн. Комитеттин жыйналышында каралгандан кийин жеткире иштелген мый- зам долбоору Жогорку Кењеш тарабынан каралуучу маселелерди экинчи окуу- да кароо календарына киргизүү үчүн Жогорку Кењешке берилет. Комитет же анын тапшыруусу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу комитет тарабынан экинчи окууга даярдалган мыйзам долбоорунун текстине ылайык мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу жокко чыгарылуучу, өзгөртүлүүчү же толукталуучу ченемдик укуктук актылардын тизмесин тек- шерет жана ага тактоолор киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-109)
