Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибин жана Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 19-июну № 310 Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибин жана Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясын, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 24-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги (мындар ары - Тизмек) 2-тиркемеге ылайык.
2. Жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын Тизмекте белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар:
1) бир айлык мөөнөттө Тизмекке киргизилген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоо жол-жоболорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоону жүргүзүү тартибине ылайык Тизмекке киргизилген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү сертификаттоону жүргүзсүн;
3) шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелерин, көчүрмөлөрүн жана шайкештик белгиси бар голографиялык маркаларды эсепке алууну уюштурсун жана жүргүзсүн;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин, өтүнмө ээлери тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызыкдар мамлекеттик органдар алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
2-тиркеме
Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
Документтердин белгилениши, ага ылайык шайкештикти ырастоо жүзөгө ашырылат
1
Газ тапанчалары жана револьверлер жана сайсыз газ куралдар
9302 00 000 0
МамСТ 50741-95
3.1; 3.2; 3.3;
3.6-пунктчалар
2
Ок атуучу сайлуу спорттук тапанчалар жана револьверлер
9302 00 000 0
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
3
Ок атуучу сайлуу кызматтык тапанчалар жана револьверлер
9302 00 000 0
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
4
Чектелген ок атуучу, анын ичинде сайсыз курал
9302 00 000 0
КМС МамСТ 55786-2022
6.1-пунктча
КМС МамСТ 51589:2022
4.1; 4.2; 4.3;
4.5-пунктчалар
5
Спорттук мергенчилик бир сайлуу жылма сайлуу узун сайлуу курал
9303 20 100 0 9303 20 950 0
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
6
Спорттук мергенчилик бир сайлуу узун сайлуу ок атуучу курал
9303 30 000 0
КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3;
4.1.5-пунктчалар
7
Мергенчилик эки сайлуу жылма сайлуу же айкалыштырылган курал, анын ичинде түрдүү калибрдеги сайлары бар
930320
95009303
300000
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
8
Атылуу күчүнүн энергиясы 25 Дж ашпаган пневматикалык мергенчилик курал
9304 00 000 0
КМС МамСТ 51612-2022
3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар
9
Атылуу күчүнүн энергиясы 3 Дж ашык болгон спорттук пневматикалык мылтыктар жана куралдар
9304 00 000 0
КМС МамСТ 51612-2022
3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар
10
Атылуу күчүнүн энергиясы 3 Дж ашык болгон спорттук пневматикалык тапанчалар жана револьверлер
9304 00 000 0
КМС МамСТ 51612-2022
3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар
11
Тапанчалардын жана револьверлердин негизги (курамдык) бөлүктөрү (сай, затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары
9305 10 000 0
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
12
Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу узун сайлуу куралдардын сайлары
9305 20 000 1
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
13
Мергенчилик жана спорттук узун сайлуу ок атуучу куралдардын сайлары
9305 20 000 1
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
14
Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу мылтыктардын башка негизги (курамдык) бөлүктөрү (затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), кол коргоочу, согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары
9305 20 000 9
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
15
Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу ок атуучу мылтыктардын башка негизги (курамдык) бөлүктөрү (затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), кол коргоочу, согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары
9305 20 000 1 9305 20 000 9
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
16
Спорттук жана мергенчилик жылма сайлуу куралдарга патрондор, анын ичинде сыналуучулар
9306 21 000 0
КМС МамСТ 50530-2015
5.1; 5.2; 5.3;
5.4.1; 5.5.2;
5.6.1-пунктчалар
17
Тапанча жана револьверлерге патрондор
9306 30 100 0
КМС МамСТ 50530-2019
5.1; 5.2; 5.3;
5.4.1; 5.5.2;
5.6.1-пунктчалар
18
Спорттук жана мергенчилик ок атуучу куралга патрондор (тапанча менен револьверден башкасы) анын ичинде сыналуучулар
9306 30 900 0
КМС МамСТ 50530-2019
5.1; 5.2; 5.3;
5.4.1; 5.5.2;
5.6.1-пунктчалар
19
Травматикалык колдонуудагы патрондор
9306 30 900 0
КМС МамСТ 55786:2022
6.2-пунктча
20
Сайсыз куралга травматикалык жана жарык үн менен колдолуучу куралга патрондор
9306 30 900 0
МамСТ 51611-2000
5.1; 5.3;
5.4-пунктчалар
21
Өздүк коргонуучу газ куралга патрондор
9306 30 900 0
МамСТ 50742-95
4.1; 4.2; 4.3; 4.4;
4.5-пунктчалар
22
Спорттук жана мергенчилик жылма сайлуу куралга капсулаланган гильза
9306 29 000 0
КМС МамСТ 50530-2019
5.1; 5.3;
5.4.1-пунктчалар
23
Мергенчилик жана спорттук ок атуучу курал үчүн капсулаланган гильза (тапанча менен револьвьерден башка)
9306 30 900 0
КМС МамСТ 50530-2019
5.1; 5.3;
5.4.1-пунктчалар
24
Тапанча менен револьверге капсулаланган гильза
9306 30 1000
КМС МамСТ 50530-2019
5.1; 5.3;
5.4.1-пунктчалар
25
Кызматтык жана жарандык жылма сайлуу куралга патрондор үчүн капсула
3603 30 000 0
МамСТ 7574-71
2.6; 2.7; 2.8;
2.9-пунктчалар
МамСТ 24579-81
2.2; 2.5; 2.7;
2.8 - пунктчалар
26
Саюучу мергенчилик куралы (мергенчилик бычактар жана канжарлар)
9307 00 000 0
МамСТ 51500-99
5.1; 5.2; 5.3; 5.4;
5.5-пунктчалар
7.1; 7.2;
7.3-пунктчалар
27
Туристтик жана атайын спорттук бычактар
9307 00 000 0
МамСТ 51501-99.
5-бөлүм. 28
Жашап кетүү үчүн колдонууга бычактар
9307 00 000 0
МамСТ 51548-2000.
5-бөлүм. 29
Тери сыйруучу жана эт бөлүүчү бычактар
9307 00 000 0
МамСТ 51644-2000,
5-бөлүм. 30
Тышкы көрүнүшү боюнча саюучу же ыргытып саюучу куралга окшош сувенирдик жана декоративдик буюмдар
9307 00 000 0
КМС МамСТ 51715-2022
5.1.2, 5.1.3, 5.1.4, 5.2.3-пунктчалар
31
Спорттук жаалар жана арбалеттер
9506 99 900 0
КМС МамСТ 52115-2022
7-бөлүм. КМС МамСТ 51905-2022
6-бөлүм. 32
Электрошок түзүлүштөрү жана учкун кармагычтар
9304 00 000 0
КМС МамСТ 50940-2022
3.5; 3.9-пунктчалар
33
Конструкциясы боюнча калибри 6 мм ашкан жарык, түтүн жана үн сигналдарын берүү үчүн гана арналган куралдар
9303 10 000 0 9303 20 100 0 9303 20 950 0 9303 30 000 0 9303 90 000 0
КМС МамСТ 50529-2022
4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартиби (Кыргыз…Порядок · 19.06.2023 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 551 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 “Жарандык жана кызматтык…Постановление · 02.09.2025 · № 551
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.