# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 "Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 "Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22281/edition/1263903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 "Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому (23.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160292

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-июну № 327 Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Креативдүү индустриялар паркы түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.

3. "Креативдүү Индустриялар Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясын белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясынын ишин камсыз кылуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
