Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 „Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 2 июля 2025 года № 391 "О вопросах Министерства просвещения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-февралы № 67 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунучтар болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин оперативдүү аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин айрым функцияларын жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 3-пунктчасында:
тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын; онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- билим берүү уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн билим берүү жана финансылык ишин, республиканын билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө мекемелеринин жана илимий түзүмдөрүнүн илимий ишин пландуу жана пландан тышкаркы текшерүү;"; төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "- өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунучтар болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын мыйзамдарда аныкталган тартипте оперативдүү аткарууну камсыз кылуу.";
- 15-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- билим берүү башкармалыктарынын аймактык органдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш берет, ошондой эле аларды ротациялоону демилгелейт;".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтому менен бекитилди) жобоПоложение · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2025-ж., № 391 токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон