Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «»Ош мамлекеттик университети» мекемесин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 415 "Ош мамлекеттик университети" мекемесин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Ош мамлекеттик университети" мекемеси ага "Ош мамлекеттик юридикалык институту" мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. "Ош мамлекеттик университети" мекемеси "Ош мамлекеттик юридикалык институту" мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- "Ош мамлекеттик университети" мекемесинин уставын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу мекеменин өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу мекемени белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери:
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу тууралуу маселелерди чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштурууга байланыштуу тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн комиссия түзсүн;
- абитуриенттерди окуу жайларга өз убагында кабыл алууну жана окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууну камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кайра уюштурулган мекемелерди тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана…Указ · 18.07.2022 · № 243
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15