# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 416
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22261/edition/1261523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" Токтому (21.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160267

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 416 Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июнундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)

Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" мекемеси ага "Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы" мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" мекемеси "Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы" мекемесинин бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук улантуучусу болуп эсептелет деп белгиленсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июнундагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" мекемесине илимий-изилдөө университети статусу берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- кайра уюштурулуп жаткан мекемелердин уставдарын бекитсин;

- кайра уюштурулуп жаткан мекемелердин өткөрүп берүү актыларын бекитсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуу жайлардын жетекчилери:

- финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды мындан ары пайдалануу маселелерин чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштуруу менен байланышкан бардык зарыл иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссия түзсүн;

- кайра уюштурулуп жаткан мекемелерди юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

- окуу жайларда абитуриенттерди өз убагында кабыл алууну жана окуу процессин уюштурууну камсыз кылсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде кайра уюштурулган мекемелерди каржылоону жүзөгө ашырсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
