Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын 12-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерине укуктарды коргоо жана сактоо боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-июлу № 410 2021-жылдын 12-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерине укуктарды коргоо жана сактоо боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 12-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерине укуктарды коргоо жана сактоо боюнча кызматташуусу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- СОГЛАШЕНИЕ от 26 мая 2017 года о сотрудничестве в сфере противодействия производству и распространению контрафактной продукцииСоглашение · 26.05.2017
- Конвенция об охране интересов производителей фонограмм от незаконного воспроизводства их фонограмм ( Кыргызская Республика присоединилась к Конвенции в соответствии с Законом КР…Конвенция · 29.10.1971