# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 459 "Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 459 "Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 459
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22259/edition/1260919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 459 "Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө" Токтому (22.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-августу № 459 Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны берүү үчүн төлөнүүчү акынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор үчүн 840000 (сегиз жүз кырк миң) эсептик көрсөткүчкө барабар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор үчүн 420000 (төрт жүз жыйырма миң) эсептик көрсөткүчкө барабар, Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 252000 (эки жүз элүү эки миң) эсептик көрсөткүчкө барабар;

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалар жана тотализаторлор үчүн 105000 (жүз беш миң) эсептик көрсөткүчкө барабар;

4) онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн:

- башкаруу үчүн 12600 (он эки миң алты жүз) эсептик көрсөткүчкө барабар;

- операторлор үчүн 84000 (сексен төрт миң) эсептик көрсөткүчкө барабар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо гезитинин 2022-жылдын 23-августундагы № 76 саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
