# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 340 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 340 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22258/edition/1261295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 340 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160264

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 24-июну № 340 Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Уюмдарга жана жеке жактарга 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү (жазуу жүзүндөгү арыз берүүсүз) узартылсын:

1) 2022-жылдын 1-январынан тартып 30-майына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн салык агенти тарабынан берилүүчү кошумча нарк салыгы боюнча салыктык отчеттуулукту;

2) 2022-жыл үчүн мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
