# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22255/edition/1262775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому (05.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160261

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-июну № 314 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда атаган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жободо:

- 8-пункттун экинчи абзацы "(мындан ары - ЖКФ)" деген сөздөрдөн кийин ", башка климаттык, экологиялык фонддордон" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктта:

экинчи абзацтагы "климаттын өзгөрүүсү маселеси" деген сөздөр "климаттык долбоорлорду даярдоо, климаттык каржылоону тартуу маселелери жана климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү башка маселелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзац алып салынсын; бешинчи абзац "ЖКФ" деген аббревиатурадан кийин ", башка климаттык, экологиялык фонддордон" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктта:

бешинчи абзац "ЖКФтен" деген сөздөрдөн кийин ", башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордон, эл аралык уюмдардан" деген сөздөр менен толукталсын; он биринчи абзац "ЖКФ" деген аббревиатурадан кийин ", башка эл аралык климаттык, экологиялык фонддор" деген сөздөр менен толукталсын; он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана мекемелерине ЖКФте, башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордо аккредитациядан өтүүгө;";

- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- климаттык жана экологиялык долбоорлорду даярдоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
