# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22254/edition/1261293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 313 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-июну № 313 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибинде:

- 4-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервди түзүү, сактоо жана тейлөө менен байланышкан сатып алууларды жүргүзүү;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
