# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22252/edition/1263754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому (19.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160258

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-февралы № 47 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:

- 11-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- юридикалык жана жеке жактардын арызы боюнча өрт коопсуздугу жаатындагы заттарды жана материалдарды сыноо жана сертификациялоо жүргүзөт;";

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
