# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 309
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22249/edition/1262969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 19-июну № 309

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жогоруда аталган тизмек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"1-тиркеме

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.".
