# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 "Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 "Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22246/edition/1273234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 "Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160245

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 19-июну № 305 Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
