# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160242/edition/1261971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160242

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-июну № 311 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:

- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

" | 53 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүң жана чекене сатууга) лицензиялар |

".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Жапаров |
