# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22237/edition/1259945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Токтому (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160236

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 21-январы № 30 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттордун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27, 116, 118-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы-алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:

"- "Каражаттарды жайгаштыруу" КЭК;

- "Электрондук төлөмдөр" КЭК.

Мамлекеттик бюджет боюнча башкы китептин балансынын жыйынды отчетунда:

- "Каражаттарды жайгаштыруу" КЭК - коммерциялык банктарда жайгаштырылган бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары эсепке алынат, алар учурдагы бюджеттик жыл аяктаганга чейин кайтарылууга тийиш;

- "Электрондук төлөмдөр" КЭК - Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүлөрү эсепке алынат, БКЭге киргизилген учурдан тартып эсепке алынууга тийиш.";

- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төртүнчү саптар менен толукталсын: "

401. Каражаттарды жайгаштыруу

402. Электрондук төлөмдөр

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-январындагы № 6 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
