Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 „2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-майы № 285 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын айрым пункттарынын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрүн узартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
1) "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:
- 1-пунктта:
1-пунктчада: экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-февралына" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын; жетинчи саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктчадагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-февралына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пунктчада: биринчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи саптагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктчадагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
7-пунктчанын экинчи сабындагы "2023-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 8-пунктчанын биринчи сабындагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 9-пунктчада: биринчи саптагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
10-пунктчада: биринчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө, "2023-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи саптагы "2023-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы саптагы "2023-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
12-пунктчадагы "2023-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-майына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
13-пунктчанын экинчи сабындагы "2023-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 15-пунктчадагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) "Күтүлүүчү натыйжа" графасынын 1-пунктунун 4-пунктчасынын экинчи сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүүдө укук бузуулар боюнча тобокелдиктер азайтылды";
3) төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи сабы:
- 1-пункттун 6-пунктчасы;
- 2-пункттун 8-пунктчасынын экинчи сабы.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы №45 (3494) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.04.2022 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122