# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22233/edition/1259671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160232

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-майы № 278

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомунун редакциясына ылайык)

Калктын кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө керектөөлөрүн канааттандыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарын иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, жумуш берүүчүлөргө кыска мөөнөттө кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы финансылык макулдашууга (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2 жана 3-чакан программалар) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

"Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы" тиркемесинде:

- "Фонддун башкаруу органдары" 4-бөлүмүнүн 13-пунктунун 3-пунктчасында "аткаруучу директор" деген сөздөр "директор" деген сөзгө алмаштырылсын;

- "Аткаруучу директор" 7-бөлүмүндө:

аталышындагы "Аткаруучу директор" деген сөздөр "Директор" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 21-пункттагы "Аткаруучу директор" деген сөздөр "директор" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 22-пункттагы "аткаруучу директору" деген сөздөр "директору" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин каржылоону 2023-жылга бекитилген каражаттардын чегинде жана Иш-аракеттер саясаты матрицасынын (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2 жана 3-чакан программалар) шарттарына ылайык жүзөгө ашырсын.

4. Иш-чаралар жана каржылоо (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы) аяктагандан кийин 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси өзүн-өзү каржылоого жана өзүн-өзү актоого өтөт деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 45 (3494) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
