Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-майы № 270 Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 582, 2025-жылдын 17-апрелиндени №210 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дене тарбия, спортту жана билим берүүнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, дене тарбия, спорт жана билим берүү чөйрөсүндө башкаруу жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин базасында "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуучуларын даярдоону камсыз кылуу үчүн арналган материалдык жана техникалык каражаттарды (жабдууларды, техникаларды), ошондой эле ушул токтомдун 5-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды кошпогондо, түзүлгөн "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемесине имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин материалдык жана техникалык каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 582 токтомунун редакциясына ылайык)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин балансынан Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан имараттарды жана курулмаларды аянты 7,86 га жанаша жайгашкан жер участогу менен белгиленген тартипте төмөнкүлөргө өткөрүп берсин, анын ичинде:
- 4,86 га - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына;
- 3,0 га - жалпы билим берүү уюмун куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 582 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 5-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- жогоруда көрсөтүлгөн жер участогундагы авариялык курулмаларды бузуу;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- өткөрүлүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
- объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 582 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетте түзүлгөн мекеменин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө финансылык каражаттарды карасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 30-майындагы №43 (3492) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 17.04.2025 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 270 "Кыргыз…Постановление · 31.10.2023 · № 582
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 251 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 17.04.2025 · № 210
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.