Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-майы № 289 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды өркүндөтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) автомобиль транспорту, анын ичинен электробустар, автобустар;"; -төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын: "14) курулуш.";
2) 2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 45 (3494) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2018 · № 503
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 628
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 628
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2018 · № 503
- КР Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 75 "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу…Указ · 10.03.2022 · № 75
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.