# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22221/edition/1256023/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 227 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 26-апрели № 227 Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 644 "Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын толтуруунун, кол коюу барагындагы шайлоочулардын койгон колдорун ырастаган демилге тобунун мүчөсүнүн койгон колун ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
