# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 "Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 "Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22214/edition/1259539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 "Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому (29.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160209

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-майы № 273

Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

- Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптары 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдо каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чыгымдарды тийиштүү финансылык жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин ТИЗМЕГИ Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон объекттердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мөңгүлөрдү, дарыяларды, табигый көлдөрдү, токой фонддорун, улуттук коруктар статусуна ээ токой чарбасынын объекттерин, заказниктерди, жаратылыш парктарын, өзгөчө биосфералык аймактарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде каралган стратегиялык объектилерди;

2) бир эле убакта үч жүздөн ашык адам болушу мүмкүн болгон (эл көп жүргөн жерлер) башка объекттерди:

- билим берүү жана медицина мекемелерин;

- соода, спорт, көңүл ачуу курулмаларын;

- театрларды, концерттик залдарды, стадиондорду;

- автобекеттерди;

- базарларды;

- санаторийлерди жана пансионаттарды;

- коомдук тамактануу объекттерин;

- парктарды жана эс алуу зоналарын;

- диний багыттагы объекттерди.
