# 97-статья. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091670..1091671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 97-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-97

---

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз ишин врачтын антына ылайык, медициналык кызматкерлер менен пациенттердин, алардын туугандарынын ортосундагы адепахлактык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу медициналык этиканын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырышат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттүү. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик билимин жана ыктарын өркүндөтүп турууга милдеттүү. Саламаттык сактоо кызматкерлери санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди, ошондой эле саламаттык сактоонун ошол уюмдары үчүн белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер илимий педагогикалык кызматкерлер сыяктуу эле, ошондой эле калк менен иштешүүгө уруксат алган студенттер жогору турган саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишенимдүү маалымат жана отчет берип турууга милдеттүү. Илимий, окуу, клиникалык максаттарда биоматериалдар менен иштөөгө уруксат алган саламаттык сактоо кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерди сактоого милдеттүү. Бюджеттик негизде окуп чыккан медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген жолдомо боюнча региондордо кеминде эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан бүтүрүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте окутууга кеткен чыгымдын ордун толтуруп бергенден кийин ишке эркин орношконго укуктуу болот. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-98)
