# 95-статья. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091671..1091672>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 95-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-95

---

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү;

- бөлүнгөн материалдык жана финансылык ресурстарга ылайык саламаттык сактоонун кайсы бир деңгээлдери үчүн белгиленген зарыл көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында квалификациялуу медициналык жардамды;

- кечиктирилгис медициналык жардам берүүнү;

- экстремалдуу шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, жаратылыш кырсыктары, кыйынчылык менен жетүүчү жана коркунучтуу шарттар) ишке даяр турууну;

- тегерегиндегилерге коркунуч туудурган оорулардын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо боюнча атайын профилактикалык медициналык иш-чараларды өткөрүүнү;

- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы режимдерди сактоону;

- саламаттык сактоонун өз ара байланыштуу кызматтарынын ортосунда эриш-аркак иштешүүнү жана башталган ишти улантууну;

- сергек жашоо ыңгайын жана калкты санитардык-гигиеналык жактан тарбиялоону пропагандалоону.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-96)
