# 92-статья. Врачтын анты

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 92-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-92

---

Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык билим берүү мекемелерин бүткөндөр врачтык дипломун алганда төмөндөгүдөй мазмундагы ант беришет: "Врач деген жогорку наамды алып жатып жана өз каалоом боюнча тандап алган врачтык ишке киришип жатып, ошондой эле бул ишке байланышкан милдеттерди терең аңдап-билүү менен мен салтанаттуу түрдө ант беремин:

- бардык билимимди жана күчүмдү элибиздин саламаттыгын сактоо жана калыбына келтирүү үчүн арноого;

- билимимдин жана тажрыйбамдын жетишинче оорулуунун башына түшкөн кыйынчылыкты жеңилдетүүгө;

- улутуна, социалдык абалына, саясий көз караштарына жана динине карабастан, адамдык аброюн сыйлоо менен оорулууларга медициналык жардам берүүгө;

- өз пациенттеримдин ишенимине кыянатчылык кылбоого жана врачтык сырды сактоого;

- врачтык кесиптин этикалык принциптерин сактоого жана врач деген жогорку наамды булгабоого;

- өз билимимди жана чеберчилигимди медициналык илим менен практикасынын соңку жетишкендиктерине таянуу менен дайыма өркүндөтүүгө, ата мекендик медицинанын асыл салттарын сактоого жана өөрчүтүүгө;

- эгерде оорулуунун муктаждыгы талап кылса, кесиптештериме кеңеш сурап кайрылууга жана аларга жардам жана кеңеш берүүгө ар дайым даяр турууга;

- Гиппократтын антын, Улукмандын, Умай-Эненин жана улуу Манастын осуяттарын, Кыргызстан элинин салттарын ыйык сактоого.

Устаттарыма жана элге өзүмдүн кесиптик жана жарандык парзымды ар-намыстуулук менен аткарамын жана өз ой-тилектеримди жана иш-аракетимди өмүр бою таза сактайм деп ант берем жана ишендирип кетемин.". Врачтын анты салтанаттуу жагдайларда берилет. Врачтын антынын берилиш фактысы дипломдо датасы көрсөтүлүү менен жеке колтамга жана тиешелүү белги менен ырасталат. XII глава Жарандардын саламаттыгын сактоо субъекттеринин милдеттери

---

Мурунку берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-91)  
Кийинки берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-93)
