# 91-статья. Врачтык жашыруун сыр

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике", "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091675..1091676>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 91-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-91

---

Жарандын медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жана ал жөнүндө маалымат, медициналык жактан кароодо жана дарылоодо алынган дагы башка маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жаранга өзү берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик тастыкталышы зарыл. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө белгиленгенден тышкаркы учурларда окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылууга жол берилбейт. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына пациентти кароо жана дарылоо кызыкчылыгы, илимий изилдөө жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде, дагы башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө уруксат кылынат. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөндөгүдөй учурда уруксат кылынат:

- ден соолугунун абалынан улам өз эркин билдирүүгө кудуретсиз жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;

- жугуштуу оорулар таркалуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу туулса;

- тергөө жүргүзүүгө же сот териштирүүсүнө байланыштуу алгачкы иликтөө жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;

- ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда;

- жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо.

Врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген адамдар врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жаранга келтирилген залалды эсепке алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлериндей эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-92)
