# 9-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091669..1091670>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 9-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-9

---

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калктын саламаттыгын коргоого жана чыңдоого, сыркоолорду профилактикалоого жана санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыкка көмөк көрсөтүүчү калктын жашап иштешинин зарыл шарттарынын комплексин камсыз кылуу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарда саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык жана фармацевттик өнөр жайдын материалдык-техникалык базасынын өнүгүшү жана иштеши үчүн шарттарды түзүү;

- саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана анын аткарылышын аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүн, калктын жыныстык, курактык курамын эске алуу менен камсыз кылуу;

- калктын билим деңгээлин жогорулатуу жана жашоонун сергек ыңгайын түзүүдөгү жоопкерчилиги үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу;

- (8-абзац КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- муниципалдык же мамлекеттик менчиктеги турак жайлар болгондо бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу жана аларды күтүү боюнча жеңилдиктерди берүү;

- алар муниципалдык жана мамлекеттик менчикте болгондо саламаттык сактоонун муниципалдык жана мамлекеттик уюмдарына иштөөгө жиберилген жаш адистерге турак жай аянттарын, жер үлүштөрүн жана башка мүлктү берүү;

- биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууну, талап кылынбаган өлүктөрдү көмүүнү камсыз кылуу;

- саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруудагы ишин координациялоо;

- жеке медициналык практикада жана фармацевттик иш менен алектенген жана өз ишин коммерциялык негизде эмес аткарган юридикалык жана жеке жактарга колдоо көрсөтүү:

ижара келишиминин негизинде менчигинде турган мүлктү убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга берүү түрүндө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түрлөрдө;

- өздөрүнө тиешелүү аймактарда жашаган жарандардын саламаттыгынын абалы жөнүндө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы жана саламаттык сактоо бюджетинин аткарылышы тууралу баяндаманы жыл сайын жергиликтүү кеңештерге берип туруу.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-10)
