# 87-статья. Саламаттыгын сактоо укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 87-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-87

---

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өзүнүн саламаттыгын сактоого, санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү менен ишке ашыруу укуктарына ээ. Саламаттык сактоо уюмдары өздүк каражаттарынын эсебинен медициналык кызматкерлерге өздөрүн дарылоо үчүн каражат төлөп бере алат. Иш зыяндуу шартта болуп, кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтиргидей себептери бар саламаттык сактоо уюмдарында өз ишин жүзөгө ашырган медициналык, фармацевттик жана башка кызматкерлер аталган уюмдардын эсебинен диспансердик байкоодо туруу укуктарына ээ. Иш-милдеттерин же кесиптик парзын аткарган учурда медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө жана тартипте алар тарткан зыяндын орду толтуруп берилет. Иш-милдеттерин же медициналык жардам берүү же илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдардын кызматкерлери өлүмгө учураса, алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-86)  
Кийинки берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-88)
