# 85-статья. Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин материалдык жактан камсыз болуу укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 224 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202021)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091669..1091670>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 85-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-85

---

Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлер кепилденген эмгек акы алуу укуктарына ээ, Саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысынын (айлык акысынын) ставкаларынын баштапкы деңгээли Кыргыз Республикасындагы орточо эмгек акынын деңгээлинен төмөн болбогон өлчөмдө белгиленет. Илимдин доктору же кандидаты деген окумуштуулук даражасы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" же "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери" деген ардак наамы бар кызматкерлерге, ошондой эле иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет:

- илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

- 5 жылдык иш стажы үчүн - он пайыздан кем болбогон өлчөмдө, он жылдык иш стажы үчүн - жыйырма пайыздан кем эмес, 15 жана андан арбын иш стажы үчүн - эмгек акынын отуз пайыздан кем болбогон өлчөмүндө.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген саламаттык сактоо кызматкерлерине райондук коээфициент төлөө жана эмгек акысына пайыздык үстөк берүү кепилденет. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ыйгарылуучу квалификациялык категорияга ылайык саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлердин эмгек акысына үстөк төлөө белгиленет. Квалификациялык категория, бийик тоолуу шарттарда алыскы зоналарда иштегендиги үчүн үстөк акылардын, ошондой эле башка үстөктөрдүн жана кошумча акылардын түрлөрү, аларды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Саламаттык сактоо уюмдары эмгек акыны төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын чегинде ушундай уюмдар көрсөтүүчү медициналык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына жараша медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн алардын кызмат акыларына эмгек акыны төлөөнүн жана ага дем берүүнүн ар кандай прогрессивдүү формаларын өз бетинче колдоно алышат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин эмгек акысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кармап алууларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Эгерде алардын иши саламаттык сактоого байланыштуу болсо, мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында саламаттык сактоо жаатыны боюнча каралган жеңилдиктери жана кесиптик үстөктөрү сакталат. Өз ишин жеке менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырган медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин эмгек акысы медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөктөрдү эсепке алуу менен эмгек келишимине ылайык белгиленет. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген жана жашаган медициналык жана фармацевттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өзүнүн менчик турак жайы жок болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынат. (11-бөлүк КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-84)  
Кийинки берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-86)
