# 82-статья. Дарылоочу врач

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 82-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-82

---

Дарылоочу врач - саламаттыкты сактоо уюмунда пациентке байкоо жүргүзүү жана дарылоо мезгилинде ага медициналык жардам көрсөтүүчү врач. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач болушу мүмкүн. Дарылоочу врач пациенттин тандоосу боюнча же саламаттыкты сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчиси тарабынан дайындалат. Дарылоочу врачты алмаштыруу жөнүндө пациент талап койгон учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандап алууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Пациент тарабынан саламаттык сактоо уюмунун буйрутмасы же ички иштөө эрежелери сакталбаган учурда, эгерде бул пациенттин өмүрүнө жана жанындагылардын ден-соолугуна коркунуч келтирилбесе, саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамынын макулдугу боюнча дарылоочу врач пациентке байкоо жүргүзүүдөн жана дарылоодон баш тартышы мүмкүн. Пациенттин туугандары өзүнүн мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин катарына кирген маселеге жөнү жок кийлигишүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-83)
