# 81-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин практикалык ишке кое берилиши

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602#diff=1091670..1091671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 81-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-81

---

Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте тийиштүү лицензия алгандан же алар аттестациядан жана каттоодон өткөндөн кийин өзүнүн практикалык ишин жүзөгө ашырат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте кесиптик медициналык коомдук уюмдар, ассоциациялар (бирликтер) жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди каттоодон өткөрүүнү, алар аттестациядан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргүзөт. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүүдөн четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Аттестациялоо жөнүндө сертификаттан ажыратуу медициналык жана фармацевттик иштен четтетилүүгө кириптер кылат. Медициналык жана фармацевттик ишти жүргүзүү укугунан, аттестациялоо жөнүндө сертификатынан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте ушул чечимге даттанууга укуктуу. (Бөлүк КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер белгилеген тартипте медициналык же фармацевттик ишин жүргүзүүгө жол берилет. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-82)
