# 78-статья. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 78-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-78

---

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөндөгү укуктарга ээ:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте лицензиялоодон жана аккредиттөөдөн өтүүгө;

- түзүлгөн келишимге ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутуму менен өз учурунда жана толук финансылык эсептешүү жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (саламаттык сактоонун илимий уюмдары үчүн), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана саламаттык сактоонун ведомстволук кызмат көрсөтүүсү бар башка мамлекеттик органы бекиткен уставга (жобого) ылайык иш жүргүзүүгө;

- медициналык-санитардык жардам берүүгө кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка уюмдар жүргүзгөн дарылоонун маалыматтарды алууга;

- аны текшерүүдөн өткөргөн же дарылаган башка уюмдардан жарандын макулдугу менен маалыматтарды сурап алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмгекке жарамсыздыгы тууралу баракча, туулгандыгы, өлгөндүгү жөнүндө маалымкат жана башка медициналык документтерди берүүгө;

- саламаттык сактоо тутумунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат алууга;

- кесиптик медициналык коомдук уюмдарды түзүүгө же кирүүгө.

XI глава Медициналык жана фармацевттик кызматкердин статусу

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-79)
