# 74-статья. Медициналык кийгилишүүгө макулдук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 74-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-74

---

Медициналык кийгилишүүнүн керектүү алдын-алуучу шарты катары жарандын ыктыярдуу макулдугу саналат. Жарандын ал-абалы өзүнүн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген, ал эми өтө шашылыш жагдайдан улам медициналык кийгилишүү зарыл болгон учурда жарандын кызыкчылыгы үчүн аны жүргүзүү маселесин консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамына кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач чечет. 16 жашка чыга элек адамдарга жана мыйзам белгилеген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандарга карата медициналык кийлигишүүгө макулдукту ушул мыйзамдын 73-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет. Мыйзамдуу өкүлдөр жок болгондо медициналык кийгилишүү жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүнчүлүк болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач кабыл алат. Хирургиялык кийлигишүүгө, кан куюуга жана диагностиканын татаал инвазивдүү усулдарын колдонууга жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Врачтар медициналык кийлигишүүнү эчак баштап калган жана ошол адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келгендигине байланыштуу аны токтотууга же баш тартууга мүмкүн болбой калган учурдан тышкары берилген макулдук кайтарылып алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-73)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-75)
