# 70-статья. Майыптардын укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 70-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-70

---

Майыптар, анын ичинен майып балдар жана бала кезинен майып болгондор медициналык-санитардык жардам алуу, реабилитациялоо, дары-дармек менен камсыз кылуу, протездөө, протездик-ортопедикалык буюмдарды алуу, жеңилдик шартында жүрүүчү каражаттарды алуу, ошондой эле кесиптик даярдыкка жана кайра даярдыктан өтүү укугуна ээ. Эмгекке жарамсыз майыптар Мамлекеттик кепилдик берүү программасынын чектеринде мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан акысыз медициналык-санитардык жардам алууга, үйүндө багылууга, ал эми негизги жашоо-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга жарамсыз болуп калганда - калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багылуу укугуна ээ. Майыптарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана алар үчүн жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-69)  
Кийинки берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-71)
