# 67-статья. Кош бойлуу аялдардын жана энелердин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1602)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1534/edition/1091661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1602/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 67-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-67

---

Энелик даражасы Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдиктер берүү жолу менен мамлекет тарабынан корголот жана колдоого алынат. Мамлекет кош бойлуу аялдарга алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана саламаттыгынын абалына жооп берген шарттарда иштөө укугун камсыз кылат. Ар бир аял кош бойлуу болгондо, төрөт жана андан кийинки мезгилде саламаттык сактоо уюмдарында зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат. Кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана андан кийин аялдарга акысыз медициналык-санитардык жардам Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлөт. Кош бойлуу болгон учурда жана бала төрөгөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле оорулуу баланы баккан учурда аялдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөлөкпүл жана акы төлөнгөн өргүү алуу укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1602/st-68)
